Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 токтомуна) |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби (мындан ары - Тартип) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселеси боюнча мамлекеттик органдардын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүчү субъектилер болуп төмөнкү мамлекеттик органдар (мындан ары - мамлекеттик органдар) эсептелет:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган);
2) прокуратура органдары;
3) ички иштер органдары;
4) социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
5) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
6) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
7) ыйгарым укуктуу юстиция органы;
8) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган;
9) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик органдар, алардын аймактык бөлүмдөрү "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктардын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бир катар субъекттер менен өз ара аракеттенишет.