Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-июлу № 382
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78, 2021-жылдын 9-мартындагы № 83, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116, 2022-жылдын 31-майындагы № 291, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жер мамилелери, жер кадастры, кадастрдык картографиялоо, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жана жер, кыймылсыз мүлк рыногун талдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин инвентаризациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдарын бириктирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси, 1-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы кызматкерлердин тиешелүү штаты, бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы кызматкерлердин тиешелүү штаты, бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен.
3. Төмөнкүлөр өзгөртүлүп аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматына.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)