Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 30-августу № 443

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 407

"Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо

маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жоболоруна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызмат адамдары".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев