Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 466
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 111-берене менен толукталсын:
«111-берене. Сот бийлигинин органдарында административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата коюлуучу атайын талаптар
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппаратында, жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде, жергиликтүү соттордун аппараттарында административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга (мындан ары – сот системасынын кызматчысы) төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн жеке максаттарында пайдаланууга;
2) чет өлкөлүк компаниялардын уставдык капиталдарында жана шериктештиктерде баалуу кагаздарды, акцияларды жана үлүштөрдү сатып алууга;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталбаган банктарда банктык эсептерди ачууга;
4) 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан суммада накталай формадагы бүтүмдөрдү жасоого.
2. Сот тутумунун кызматчысы 200 эсептик көрсөткүчтөн ашкан суммадагы бардык сатып алууларын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык өздүк делодо каттоого милдеттүү.
3. Сот тутумунун кызматчыларына мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жана кызыкчылыктардын кагылышы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген башка чектөөлөр, милдеттенмелер жана тыюу салуулар жайылтылат.
4. Ушул беренеде каралган жоболорду сактабоо фактысын аныктоо сот тутумунун кызматчысын ишенимди жоготкондугуна байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле аныкталган бузуулар боюнча укуктук баа берүү үчүн тийиштүү материалдардын көчүрмөлөрүн прокуратура органдарына жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.
5. Сот тутумунун кызматчысына карата кызматтык кылмыш, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыш жасаган деген шектенүү боюнча жазык куугунтугу башталган учурда, анда сот тутумунун кызматчысы кылмыш иши боюнча чечим чыгарылганга чейин эмгек акы төлөөнү токтотуу менен, кызматтык милдеттерин аткаруудан токтоосуз четтетилүүгө тийиш.