Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11- сентябры № 468
Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2021-жылдын 19-октябрындагы № 224, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257, 2022-жылдын 1-февралындагы № 46, 2022-жылдын 7-февралындагы № 61, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 534, 2022-жылдын 3-октябры № 544, 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 4-майындагы № 242 , 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 582, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325 ,
2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 , 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн, кайрадан уюштуруунун жана жоюунун бирдиктүү ченемин белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдар алты айлык мөөнөттө:
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын уставдарын ушул токтомго шайкеш келтирүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалар тарабынын өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын директорунун кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптарды бекитишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд алты айлык мөөнөттө:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ар бир мамлекеттик ишкана үчүн директордун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитсин;