Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна) |
Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 530, 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122, 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 232, 2023-жылдын 19-июнундагы № 307, 2023-жылдын 21-июлундагы № 365 , 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 , 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162, 2024-жылдын 10-декабрындагы № 754, 2025-жылдын 25-февралындагы № 87, 2025-жылдын 11-июнундагы № 332 , 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831, 2026-жылдын 10-февралындагы N 74
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик ишканалардын укуктук абалын, аларды түзүү, башкаруу, кайрадан уюштуруу жана жоюу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлө турган мамлекеттик ишканалар чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында болууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик ишкананы түзүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алат.
Мамлекеттик ишкананы түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана монополияга каршы органдын оң корутундусу болгондо кабыл алынат.
Мамлекеттик ишканалардын ишинин негизги максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) улуттук коопсуздукту камсыздоого, коргонуу жөндөмүн коргоого, укуктук тартипти, айлана-чөйрөнү сактоого, дипломатиялык кызмат органдарынын ишине байланышкан стратегиялык маанидеги товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн канааттандыруу;
2) мамлекеттик ишкана тарабынан мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча тикелей мамлекеттик заказды аткаруу;
3) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
4) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдарды (алардын өкүлчүлүктөрүн) же алардын долбоорлорун тейлөө боюнча координатордун жана жумуштардын заказчысынын атайын функцияларын өз алдынча аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматынын органдарынын ишин камсыздоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн уставында каралган ишинин предметине жана максаттарына тиешелүү жарандык укуктарга ээ жана ошол ишине байланыштуу жоопкерчиликти тартат.
Эгерде уставында башкасы белгиленбесе, мамлекеттик ишкананын иштөө мөөнөтү чектелбей түзүлөт.
Мамлекеттик ишкана башка юридикалык жактын уюштуруучусу болуп чыга албайт.