Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2008-жылдын 27-августу N 475
2008-2009-окуу жылынын башталышына карата жалпы билим берүү системасында 2111 жалпы билим берүүчү мекеме жана республикалык баш ийүүдөгү 22 мекеме 1124883 окуучулар континенти менен иштейт. Мындан тышкары, республикада 38 жеке жана жеке-мамлекеттик жалпы билим берүүчү мекемелер 7720 мектептик окуучу контингенти менен иштейт, анын ичинде "Себат" билим берүү уюмунун 14 кыргыз-түрк лицейи бар, аларда 3727 адам окуйт. Мектеп жашына чейинки 54 миң 716 баланы камтыган 546 мектепке чейинки мекеме иштейт.
Аймактык билим берүү органдарынын оперативдүү маалыматтары боюнча 2008-2009-окуу жылында 96397 окуучу, мунун ичинде: Бишкек шаарында 9300, Ош ш. - 4994, Баткен облусунда - 9449, Жалал-Абад облусунда 20538, Ысык-Көл облусунда - 7725, Нарын облусунда - 5406, Ош облусунда 22415, Талас облусунда - 4365, Чүй облусунда - 12205 окуучу биринчи класска кабыл алынат.
Өлкөнүн жалпы билим берүүчү мектептерин жаңы окуу жылына даярдоого республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдардан, жергиликтүү бюджеттерден жана демөөрчүлөрдөн орчундуу финансылык каражаттар жумшалды.
Мектептерди курууга, капиталдык жана утурумдук ремонттоого өзгөчө көңүл бурулду.
Быйылкы жылы республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча 764,4 млн. сом бөлүү каралган, анын ичинде:
- жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунда жана Ош шаарында 8 жаңы мектеп курууга 284,9 млн. сом (толук бөлүнгөн);
- 69 мектептин мурда башталган курулушун улантууга 355,8 млн. сом;
- жаңы 20 мектептин курулушун баштоого 103,8 млн. сом.
Мектеп инфраструктурасын кармоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында 2007-жылдан тартып Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун ишке ашыруу улантылууда, анын негизги компоненттеринин бири 2010-жылга чейин республиканын 90 мектебине ремонт жүргүзүү болуп эсептелет. Бул долбоордун алкагында быйылкы жылы 28 мектепте жалпысынан 82,0 млн. сом суммада капиталдык ремонт жүргүзүлөт.
Бардыгы үчүн билим берүү максаттарына тез жетүүнүн алкагында Каталитикалык фонддун каражаттары мектептерди капиталдык ремонттоого жумшалган, 2008-жылы 49 мектепте 133,5 млн. сом суммада капиталдык ремонт жүргүзүү каралган.
Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу 17 интернат мекемеде жана балдар үйлөрүндө капиталдык ремонтко 6,5 млн. сом каралган.
Республиканын мектептеринде утурумдук ремонт жасоого республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом бөлүнгөн, бүгүнкү күндө бардык мектептерде утурумдук ремонт бүткөрүлгөн жана мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр.