КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 600 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомуна) |
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамын, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Ушул Эрежелер өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун тартибин белгилейт.
Ушул Эрежелер сублицензиялык келишимди каттоодо дагы колдонулат.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана кыскартуулар пайдаланылат:
Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
ИМБДУ - Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму;
өнөр жай менчик объекти - ойлоп табуу, өнөр жай үлгүсү, пайдалуу модель, товардык белги, тейлөө белгиси, фирмалык аталыш;
реестр - Кыргыз Республикасынын өнөр жай менчик объектилеринин, селекциялык жетишкендиктеринин, евразия патенттеринин реестрлери;
коргоо документи - патент, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патент, күбөлүк;
технология - ноу-хау, комплекстүү ишкердик лицензия (франчайзинг), консалтинг кызмат көрсөтүүлөрү, инжиниринг, лизинг, опциялык макулдашуулар сыяктуу кызматтарды көрсөтүү;
келишим - өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишим (өткөрүп берүү акты), аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишим;