Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 17-октябры № 553
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
20 календардык жыл жана андан көп кызмат өтөгөн, ошондой эле оң негиздер боюнча кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын/кызматкерлеринин социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"башка маанилүү жагдайлар - бул аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүк органдарына шайлоого жана сот кызматына шайлоого же дайындоого байланыштуу аларды бошотуу негиздери;";
- 2-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Ээлеген ведомстволук турак жай бөлмөсү төмөнкү адамдарга менчикке акысыз берилет:" деген сөздөр алып салынсын;
1-3-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Ээлеген мамлекеттик турак жай курагы, ден соолугу боюнча запаска же отставкага чыккан, штатты кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча бошотулган жана 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерине жана адамдарга менчикке акысыз берилет.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: