Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 3-декабры № 648

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү маселелерин тартипке салуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана регламенттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласындагы ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планынын 32-пунктуна" деген сөздөр алып салынсын;

- 5-пунктундагы "мамлекеттик кызмат бөлүмүнө" деген сөздөр "тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жободо:

- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Административдик регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылат.

Административдик регламенттерди иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин функциялык милдеттерине мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан маселелер кирген орун басарларынын бирине (мындан ары - жооптуу жетекчи) жүктөлөт.

Жооптуу жетекчинин тапшырмасы боюнча административдик регламенттин долбоорун түздөн-түз иштеп чыгуу мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири тарабынан же мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан түзүлүүчү жумушчу комиссия тарабынан ишке ашырылат.

Жумушчу комиссия түзүлгөн учурда анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат көрсөтүүгө түздөн-түз байланышкан жетекчилери жана адистери, тиешелүү мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын кароосу боюнча башка өкүлдөр кирет.

Жумушчу комиссия өз ишин ушул Жобонун жана мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү, анын иштөө тартиби, чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору жана башка маселелер аныкталуучу жумушчу комиссия жөнүндө жобонун негизинде жүргүзөт.

6. Административдик регламенттин долбоору төмөнкүлөр тарабынан жактырылууга тийиш:

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык түзүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча ведомстволук комиссия тарабынан;