Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры № 662
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157, 2026-жылдын 30-мартындагы № 200 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1.2-пункту "(мындан ары - банктар)" деген сөздөрдөн кийин ", микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.1-пункту "Банктар" деген сөздөн кийин ", микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.2. Жаңыдан түзүлгөн банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар, "өткөөл" банктан башкалар Депозиттерди коргоо фондусуна жаңыдан түзүлгөн банктар, жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу микрофинансылык компаниялар, тиешелүү түрдө турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капиталдын нормативинин бир пайызы өлчөмүндөгү суммада кириш төгүмүн төлөөгө тийиш. Банк кириш төгүмүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксатын алгандан кийинки жана лицензия берилгенге чейинки, микрофинансылык компания - лицензиясында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна чектөөлөр алынганга чейинки, ал эми турак жай-сактык кредиттик компания - айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейинки мезгилде төлөөгө тийиш. Банкты реструктуризациялоонун жүрүшүндө түзүлүүчү "өткөөл" банк кириш төгүмүн төлөөдөн бошотулат.";
- 2.3-пункту "банктардан" деген сөздөн кийин ", микрофинансылык компаниялардан, турак жай-сактык кредиттик компаниялардан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийим 3 иш күнүнөн кечиктирбестен Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке банкка банк ишин жүргүзүүгө лицензия, жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия, турак жай-сактык кредиттик компания тарабынан айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилгендиги жөнүндө маалымдайт.";
- 2.7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.7. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төгүмдөрү "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген максаттуу маанилерге жетишүү үчүн банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызы деңгээлинде белгиленет";
- 2.12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: