Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 токтомуна) |
Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 31-майындагы № 287, 2023-жылдын 25-январындагы № 38 , 2023-жылдын 7-июлундагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жаатындагы жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензияларды жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына радио электрондук каражаттарды ташып келүүгө уруксатты берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу тартибин регламенттейт.