Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 26-ноябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 17-марты № 163
"Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-майныдагы № 271 токтомуна ылайык)
Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алууну күчөтүү жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык дурус абалды камсыздоо максатында, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин төмөнкүлөр убактылуу токтотулсун:
- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
- көңүл ачуучу жайлардын иши;
- соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу түйүндөрүнүн иши;
- кинотеатрлардын иши;
- 50дөн ашык орундуу коомдук тамактануу түйүндөрүнүн иши;
- жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-майындагы № 271 токтомуна ылайык күчүн жоготту;
- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын иши.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-майныдагы № 271 токтомуна ылайык)
2. Жеке жактарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга: