Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 23-марты № 178
Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381, 2021-жылдын 27-январындагы № 25,КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57, 2021-жылдын 31-декабрындагы № 361, 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 1-декабрына чейин фармацевттик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине (мындан ары - Улуттук тизме) жана/же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизилген дары каражаттарын (ошол эле учурда алып келинген дары каражаттары өндүргөн өлкөдө же башка өлкөлөрдө катталган болушу керек) жана медициналык буюмдарды (өндүргөн өлкөдө же башка өлкөлөрдө медициналык буюмдар катары жүгүртүлүшү жөнүндө ырастамасы бар) мамлекеттик каттоосуз алып келүүгө;
- ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацында аталган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө, төмөнкүлөр жок болгон учурда:
мамлекеттик жана расмий тилдерде таңгагынын маркалоосу - мамлекеттик жана/же расмий тилдерде стикерди колдонуу менен;
мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык колдонуу боюнча нускамасы - мамлекеттик же расмий тилге котормосун камсыз кылуу менен;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, Улуттук тизмеге жана/же Тизмеге киргизилген, маркаланышы боюнча жана/же медициналык колдонуу боюнча нускамада катталгандардан айырмасы бар дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381, 2021-жылдын 27-январындагы № 25, КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57, 2021-жылдын 31-декабрындагы № 361, 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. 2022-жылдын 1-декабрына чейин Улуттук тизмеге жана/же Тизмеге киргизилген ташып келинүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар дары каражаттарынын сапатын баалоо жана медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо жол-жобосунан биринчи кезектеги тартипте жана кыска мөөнөттө өтө тургандыгы белгиленсин.