Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 51
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105, 2023-жылдын 9-августундагы № 399, 2025-жылдын 18-июлундагы № 426 , 2025-жылдын 29-декабрындагы № 841, 2026-жылдын 27-февралындагы № 139, 2026-жылдын 31-мартындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелерине бирдиктүү мамилени камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 14, 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы кадрлар резервин түзүү тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
3) Дайындоодо атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги, 3-тиркемеге ылайык;
4) Кызматка алгачкы жолу алынган 35 жаштан ашкан адамдар дайындалуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги, 4-тиркемеге ылайык;
5) Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги, 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө контракттын типтүү формасы, 6-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин укук коргоо органдарынын кадрлар резервине киргизилген жарандарга ушул токтомдун ченемдери колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтом менен бекитилген контракттын типтүү формасынын негизинде иштин өзгөчөлүктөрүн жана кызмат өтөө шарттарын эске алуу менен контракттын формасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.