Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 19-майы № 256

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82, КР Министрлер Кабинетинин 4 сентября 2026 года № 600 ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын камсыздоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле калктын ден соолугун сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирип кетишин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөрдүн колдонуу мөөнөтү убактылуу узартылсын:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин;

2) 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту 2021-жылдын 1-сентябрына чейин, Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары;

3) өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтому менен белгиленген чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо же каттоону узартуу.

Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн болушун узартууну каалаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими аяктаган күндөн тартып 10 (он) иш күндүн ичинде каттоону узартууга милдеттүү.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) колдонуу мөөнөтү узартылган жогоруда аталган паспортторду Кыргыз Республикасына кирүү (кайтып келүү) жана чыгуу үчүн чет өлкөлүк мамлекеттик чек арадан өтүү максатында колдонууга боло тургандыгы;

2) Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун 2021-жылдын 1-сентябрына чейин колдонууну узартуу жөнүндө тиешелүү белгини койдуруу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрыла алыша тургандыгы

3) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен документтештирилбеген адамдарды жалпы республикалык тест тапшырууга киргизүү туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде жүргүзүлө тургандыгы.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жободо:

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, анын сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: