Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 3-июну № 289
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмдарын өзгөчө кырдал/өзгөчө абал режими шартында аккредитациялоо маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 201-пункт менен толукталсын:
"201. Аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда Агенттик тарабынан төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга жол берилет:
- мурунку аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 6 айдан ашык эмес мөөнөткө узартуу жөнүндө;
- аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүнү 6 айдан ашык эмес мөөнөткө жылдыруу жөнүндө;
- Агенттик тарабынан аныкталган тартипте дистанттык технологияларды колдонуу менен онлайн режиминде аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө.".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 "Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде: