Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна) |
Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби (мындан ары - Тартип) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 "Транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системаларын иштетүү тартибин бекитүү жөнүндө" чечимине ылайык иштелип чыкты жана транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасынын администратору (мындан ары - электрондук паспорттор системасынын администратору) - Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталган уюм, ага транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасын долбоорлоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо, анын ичинде ишке киргизүү, иштетүү, өндүрүмдүүлүгүн оптималдаштыруу, жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана контролдоо, коопсуздукту камсыздоо, ушул системаларды техникалык камсыздоо маселелерин көзөмөлдөө, системанын катышуучулары жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, ушул системаларга жаңы катышуучуларды киргизүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ушул системалардын функциялары жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн зарыл чараларды демилгөө функциялары жүктөлгөн;
2) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасы (мындан ары - электрондук паспорттор системасы) - эсептөө жана коммуникациялык жабдууларды, программалык камсыздоону, лингвистикалык каражаттарды, маалыматтык ресурстарды, системалык персоналды жана ушул системада белгиленген эрежелер боюнча өз ара аракеттенүүчү катышуучуларды жана колдонуучуларды камтыган, ошондой эле ушул системанын белгиленген функцияларын аткаруунун маалыматтык технологиясын ишке ашыруучу, түзүмдөлгөн комплекс;
3) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасынын улуттук оператору (мындан ары - электрондук паспорттор системасынын улуттук оператору) - Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздаган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыздаган юридикалык жак;
4) транспорт каражатынын паспорту (транспорт каражатынын шассисинин паспорту) - жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө арналган, элүү куб сантиметрден жогорку жумушчу көлөмү менен ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же төрт киловаттан ашык максималдуу (суммалык) кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычы (электр кыймылдаткычтары) бар жана (же) саатына элүү километрден ашык максималдуу конструктивдик ылдамдыктагы автомототранспорт каражаттарына жана анын чиркегичтерине берилүүчү паспорт (керектөөчүлөргө шасси жеткирилген учурда, транспорт каражаттарынын шассисине берилүүчү паспорт);
5) транспорт каражатынын электрондук паспорту (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспорту) - транспорт каражатынын электрондук паспорттор системасында таризделген паспорту (транспорт каражатынын шассисинин паспорту);