Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 15-октябрындагы № 700

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 7-декабры № 597

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу

тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону ишке ашыруу маселелерин сапаттуу иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

- 10-пунктунун биринчи абзацындагы "10 иш күнүнөн" деген сөздөр "14 иш күнүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пунктундагы "10 иш күнүнөн" деген сөздөр "60 (алтымыш) календардык күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

 

А.Э. Новиков