Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-октябры № 700
Турукташтыруу режимин
колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке ушул токтомдо белгиленген тартипте турукташтыруу режими жөнүндө макулдашууларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан түзүүгө ыйгарым укук берилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 «Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 597 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 «Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 7 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тɵрагасынын биринчи орун басары |
Д.Дж. Амангельдиев |