Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 токтомуна) |
"Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасынын максаттарын, милдеттерин, функцияларын, оператордун, ээлик кылуучунун жана пайдалануучунун укуктары менен милдеттерин, ошондой эле көрсөтүлгөн маалымат системасына кошулуунун тартибин белгилейт.
2. "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - "ЭДМС" АМС) сырттан келген документтер сыяктуу эле "ЭДМС" АМСти (анын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн камтуу менен) пайдалануучулар тарабынан түзүлгөндөрдү өзүнө камтыган "ЭДМС" АМСти пайдалануучуларда электрондук документ жүгүртүүнү автоматташтырууга арналган, программалык каражаттар менен маалыматтар базасынын жыйындысы болуп саналган өтмө маалымат системасынан турат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
"ЭДМС" АМСтин ээси - электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
"ЭДМС" АМСтин оператору - "ЭДМС" АМСти эксплуатациялоону, анын техникалык жана программалык жактан коштоп жүрүүнү ишке ашыруучу электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы;
"ЭДМС" АМСти пайдалануучу - аткаруучу, мыйзам чыгаруучу органдар, сот системасы жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар;
электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда, электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабылдоосу үчүн жарактуу түрдө, ошондой эле маалыматтык- телекоммуникациялык тармактар боюнча берүү же маалымат системаларында иштетүү үчүн берилген документтештирилген маалымат;
кагаз түрүндөгү документтин электрондук көчүрмөсү (электрондук көчүрмө) - кагаз документтин сканерленген же сүрөткө тартылган образын берүүчү, кагаз түрүндө түзүлгөн, сканерленген документтин мазмунуна өзгөртүү киргизбестен, техникалык каражаттардын жардамы аркылуу кайрадан электрондук формага бир бүтүн нерсе катары өзгөртүлгөн электрондук формадагы маалыматтар;
электрондук колтамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан, маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
электрондук архив - маалыматтары электрондук түрдө белгиленген архив.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "ЭДМС" АМСтин максаты, милдети жана функциялары
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 токтомуна) |
"Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасынын максаттарын, милдеттерин, функцияларын, оператордун, ээлик кылуучунун жана пайдалануучунун укуктары менен милдеттерин, ошондой эле көрсөтүлгөн маалымат системасына кошулуунун тартибин белгилейт.
2. "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - "ЭДМС" АМС) сырттан келген документтер сыяктуу эле "ЭДМС" АМСти (анын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн камтуу менен) пайдалануучулар тарабынан түзүлгөндөрдү өзүнө камтыган "ЭДМС" АМСти пайдалануучуларда электрондук документ жүгүртүүнү автоматташтырууга арналган, программалык каражаттар менен маалыматтар базасынын жыйындысы болуп саналган өтмө маалымат системасынан турат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
"ЭДМС" АМСтин ээси - электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
"ЭДМС" АМСтин оператору - "ЭДМС" АМСти эксплуатациялоону, анын техникалык жана программалык коштоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;
"ЭДМС" АМСти пайдалануучу - аткаруучу, мыйзам чыгаруучу органдар, сот системасы жана башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар;
электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда, электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабылдоосу үчүн жарактуу түрдө, ошондой эле маалыматтык- телекоммуникациялык тармактар боюнча берүү же маалымат системаларында иштетүү үчүн берилген документтештирилген маалымат;
кагаз түрүндөгү документтин электрондук көчүрмөсү (электрондук көчүрмө) - кагаз документтин сканерленген же сүрөткө тартылган образын берүүчү, кагаз түрүндө түзүлгөн, сканерленген документтин мазмунуна өзгөртүү киргизбестен, техникалык каражаттардын жардамы аркылуу кайрадан электрондук формага бир бүтүн нерсе катары өзгөртүлгөн электрондук формадагы маалыматтар;
электрондук колтамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан, маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
электрондук архив - маалыматтары электрондук түрдө белгиленген архив.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)