Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 28-августундагы № 592

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 24-августу № 439

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын

2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык

уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык

келишимдик органдар менен кызматташуусунун

натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө"

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен эл аралык уюмдардын кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 65-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 77 (3041) жарыяланды

Премьер-министр

К.А.Боронов