Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 261, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 351, 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 559, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 666, 2024-жылдын 5-февралындагы № 51, 2024-жылдын 28-майындагы № 274, 2024-жылдын 27-августундагы №518, 2024-жылдын 10-декабрындагы № 750, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2026-жылдын 30-январындагы № 42, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63, 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Министрлик) ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана жазык-аткаруу иштери, ошондой эле медиация жаатында, арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын, ошондой эле арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын бирдиктүү системасын Министрликтин борбордук аппараты, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн карамагында турган уюмдар жана мекемелер түзөт.
4. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган мөөрү бар.
5. Министрликтин толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги”;
–.расмий тилде: “Министерство юстиции Кыргызской Республики”.
Министрликтин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Юстмин”;
– расмий тилде: “Минюст”.
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 32.
2. Министрликтин милдеттери
7. Министрликтин милдеттери:
1) белгиленген иш чөйрөсүндө мамлекеттин ишин ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу;
2) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин өз ыйгарым укугунун чегинде камсыз кылуу;
3) аткаруу бийлигинин органдарынын мыйзам долбоорлоо ишин координациялоону камсыз кылуу, анын ичинде эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын эсебинен жүзөгө ашырылуучу;