Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 20-январы № 15
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:
42 | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик санаторийинде санаториялык-курорттук дарылоо | ССМ | Коргоо комитети | Акы төлөнөт |
- 3-главасында:
18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
18 | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
20 жана 21-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
20 | 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
21 | Ритуалдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүү | ЭСӨМ | ЭСӨМ | Акысыз |
- 4-главасында:
расмий тилдеги текстинин 65-пунктундагы "МКТ" деген аббревиатура "МКИТ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;