Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-февралы № 54
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жергиликтүү бюджет жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту "тиркемеге" деген сөзгө чейин "1-" деген цифра толукталсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы (мындан ары - ЖӨБО методикасы) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ЖӨБО методикасына ылайык жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү;
- жергиликтүү бюджет боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгашкан веб-багытталган тиркемени колдонуу.";
4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү методикасында:
"Тиркеме" деген сөз "1-тиркеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.