Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-февралы № 44
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын азык-түлүк паегунун ченемдери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы N 479 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштурууну тартипке келтирүү жана жакшыртуу максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына азык-түлүк паекторунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары үчүн - "жалпы аскердик поек" № 1 ченеми, 1-тиркемеге ылайык;
2) аскер госпиталдарында дарыланып жаткан аскер кызматчылары үчүн - "дарылык поек" № 2 ченеми, 2-тиркемеге ылайык;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара наряддарынын курамында түнкү убакта кызмат өтөөчү аскер кызматчылары, ошондой эле жазаларды аткаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын түнкү убакта кызмат өтөөчү аскер кызматчылары үчүн - "түнкү поек" № 5 ченеми, 5-тиркемеге ылайык;
4) учуучу аппараттардын экипаждарынын штаттык эсептерине кирген учкучтар курамынын аскер кызматчылары үчүн - "учкучтук паек" № 6 ченеми, 6-тиркемеге ылайы
5) туруктуу жайгашкан пункттардан тышкары жүргөн бардык категориядагы аскер кызматчылары үчүн, алар талаа же башка шарттарда тапшырмаларды аткарууда ысык тамак-аш даярдоо мүмкүн болбогон же кыйынчылык туудурган учурда - "тамактануунун жеке рациону" № 8 ченеми, 8-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы N 479 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларына № 7 ченем боюнча азык-түлүк поегу 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-октябрындагы № 782 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;