Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун (мындан ары - Борбор) иш тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбор ыкчам башкаруу укугуна негизделип, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат. Борбор ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
3. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбор мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдик мөөргө, штампка жана белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана башка визуалдык индивидуалдаштыруу каражаттарына ээ.
6. Борбордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Борбор өз милдеттерин аткарууда жана өз укуктарын жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара кызматташат.
8. Борбор өз атынан бүтүмдөрдү чыгарууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, ошондой эле милдеттенмелерди алууга жана жүзөгө ашырууга укуктуу, ошондой эле сотто Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык доогер же жоопкер катары чыгат.
9. Борбор ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде өз ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
10. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматкер болуп саналбайт.
11. Борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору";
- расмий тилде: "Центр перевода Кабинета Министров Кыргызской Республики".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59.
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
13. Борбордун максаты Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык уюмдардын документтерин илимий, техникалык, медициналык, укуктук, экономикалык жана башка тексттерди (анын ичинде товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалыматтарды (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) тилдерге борборлоштуруп которууну камсыз кылуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эл аралык келишимдеринин жана башка документтердин, юридикалык жана жеке жактардан алынган документтердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун расмий тилден мамлекеттик тилге жана мамлекеттик тилден расмий тилге котормосун уюштуруу;
2) илимий, техникалык, медициналык, юридикалык, экономикалык, ошондой эле башка тексттерди, анын ичинде товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматты (этикеткалардын, маркалоонун тексттери, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорт) мамлекеттик (кыргыз) жана/же расмий (орус) тилдерге которуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын мамлекеттик (кыргыз) тилге которуу боюнча кызмат көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Борбордун ыйгарым укуктары
15. Борбор төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ: