Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2021-жылдын 14-апрели № 143

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилсин:

1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө жободо:

- 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасы менен сыйлангандарды кошпогондо, көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу алар каза болгондон тартып 5 (беш) жыл өткөндөн кийин ишке ашырылат;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

У.Марипов