ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндеги № 150 «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Басма сөз жана маалымат жаатында кызматташуу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу» токтому

Редакцияот 19.04.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 19-апрели № 150

2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Басма сөз жана маалымат жаатында кызматташуу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Басма сөз жана маалымат жаатында кызматташуу жөнүндө протоколу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жогоруда аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө түрк тарапка белгиленген тартипте кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

У.А.Марипов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маалымат жана басма сөз жаатындагы кызматташтык жөнүндө ПРОТОКОЛ

Мындан ары - Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү,

өздөрүнүн өлкөлөрүнүн жана элдеринин ортосундагы достук мамилелерди жана байланыштарды тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптын тең умтулуусуна шыктанып,

өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун маанилүү фактору катары маалыматты эркин таратууну эске алып,

жана маалымат жана басма сөз жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында,

төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Тараптар Кыргыз Республикасымын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Басма сөз жана маалымат башкы башкармалыгынын ортосундагы кызматташтыкка көмөк көрсөтүшөт.

2-берене.

Тараптар жыл сайын эки мамлекеттин учурдагы экономикалык, саясий, маданий жана социалдык жашоо жөнүндө өз ара түшүнүүнү жогорулатуу үчүн журналисттик иш боюнча мамлекеттик жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн визиттерин алмашып турууну жана пикир алышууларды колдоого алышат.

3-берене.

Тараптар эки мамлекеттин жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн кесиптик байланыштарын бекемдөө үчүн мамлекеттик жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен басма сөз жана маалымат тармагындагы семинарларды өткөрөт.

4-берене.

Тараптар өз ара макулдашылган негизде аракет жумшап, жалпыга маалымат каражаттарынын журналисттери жана техникалык персоналдары үчүн билимди жогорулатуучу иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк түзүшөт.

5-берене.