Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2021-жылдын 4-майындагы № 190

токтому менен бекитилди)

2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясы

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)

Ушул Стратегиянын негизги максаты финансылык ресурстарды тартуу жана атаандашуучулук чөйрөнүн шарттарында аманаттардын инвестицияларга трансформацияланышын камсыз кылуу боюнча экономиканын реалдуу секторунун жана өлкөбүздүн калкынын сапаттуу кызматтарды алууга болгон муктаждыктарын канааттандыруучу банктык эмес финансылык рыноктун туруктуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү аркылуу экономикалык өсүштү тез камсыз кылуу болуп саналат.

Ушул Стратегия ошондой эле финансылык инструменттердин рыногундагы тез өтүмдүүлүктү жана узак мөөнөттүү инвестициялардын жагымдуулугун, фондулук рынокто айландырылып жаткан финансылык куралдарды, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын тизмелерин кеңейтүүчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган.

Ушул Стратегиянын өзгөчөлүгү болуп анын комплекстүүлүк мүнөзү саналат. Мурда банктык эмес финансылык рыноктун чөйрөсүндө өзүнчө сектордук стратегиялык документтер гана иштелип чыккан жана ишке ашырылган. Ушуга байланыштуу биринчи жолу стратегиялык документ иштелип чыкты, анда банктык эмес финансылык рыноктун бардык сегменттери камтылды.

Ушул Стратегияда коюлган орто мөөнөттүү мезгилдеги максаттар жана милдеттер өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө банктык эмес финансылык рыноктун олуттуу таасир тийгизишине жана жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

I бөлүм. Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногунун учурдагы абалын баалоо жана өнүгүшүн талдоо

I глава. Баалуу кагаздар рыногу

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында финансылык системанын иштеши үчүн иштелип чыккан жетиштүү институттук жана мыйзамдык база бар, жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарга жооп берген баалуу кагаздар рыногу түзүлгөн жана анын инфратүзүмүнүн өнүгүүсүн улантып жатат.

Өнүккөн рыноктордо классикалуу түрдөгү кесипкөй ишмердиктин бардык түрлөрү Улуттук фондулук рынокто иштеп жатат. 2021-жылдын 1-январындагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштерди 67 юридикалык жактар жүзөгө ашырат, аларга 104 лицензия берилген.

Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2021-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын болгону 38 чыгарылышы каттоого алынган. Эмиссиянын жалпы көлөмү 10 042,7 млрд. сомду түзгөн, анын ичинде акциялардын суммасы 9 092, 7 млрд. сомду, облигациялардын суммасы 950,0 млн. сомду түздү.

Баалуу кагаздар рыногунда баалуу кагаздар менен жасалган тооруктардын көлөмү 2020-жылы 11 830 783,06 млрд сомду түзгөн, бул 2019-жылдагыдан (2019-жылы - 6 073 948,15 млрд сом болгон) 1,9 эсеге көп.

1-диаграмма

2021-жылдын 1-январына карата, биринчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү тооруктардын көлөмүнүн түзүмүндө көбүрөөк жасалгандыгын биринчи жана экинчи рыноктогу баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн биржалык тооруктарга жүргүзүлгөн талдоолор көрсөтүп турат.

Баалуу кагаздардын экинчи рыногунда жасалган биржалык бүтүмдөрдүн көлөмү менчик ээлеринин түзүмүнүн өзгөрүүсү менен мүнөздөлөт, ал 1 561,00 млн. сомду түздү, же тооруктардын жалпы көлөмүнүн 1,7 пайызын түздү. Экинчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн саны 1693тү түздү.