ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 25-июну № 44

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20 майындагы № 260, 2023-жылдын 17-февралындагы № 84, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 , 2024-жылдын 10-майындагы № 241 ,  2024-жылдын 28-майындагы № 285 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментине;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине;

- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 241 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Курулушта, баа түзүүдө жана сметалык ченемдөөдө аккредитациялоонун жана сертификаттоонун республикалык борбору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборуна.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260, 2024-жылдын 10-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:

- ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;