Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

3-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо ТАРТИБИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 140, 2024-жылдын 16-февралындагы № 61, 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 147 токтомдорунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби (мындан ары - Тартип) тандоо критерийлерин, катышуучуларды түзүү жана тандоо тартибин белгилейт, ипотекалык кредиттерди, болгон турак жайын капиталдык оңдоого кредиттерди берүүнүн шарттарын, кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүнүн, болгон турак жайын кеңейтүүнүн шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында сатып алынуучу турак жайга карата талаптарды аныктайт.

2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) Программанын катышуучусу - Программага катышууга арыз берген, ушул Тартиптин тандоо критерийлерине ылайык келген жана Программага катышкан Кыргыз Республикасынын жараны;

2) тандоо критерийлери - ушул Тартипте белгиленген, Программага катышуу үчүн жарандарга карата талаптар;

3) турак жай (мындан ары - турак үй) - ушул Тартиптин критерийлерине жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бир бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир);

4) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - турак жайга ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак, анын ишинин предметтеринин бири Программаны ишке ашыруу болуп саналат;

5) Кызматташуу жөнүндө макулдашуу - Программаны ишке ашыруунун алкагында Программанын катышуучуларына турак үйдү сатып алууга, курууга жана болгон турак үйүн капиталдык оңдоого ипотекалык кредиттерди кайра каржылоого же каржылоого өнөктөш банктарга инвестициялык акча каражаттарын берүү тууралуу өнөктөш банк менен МИКтин ортосунда түзүлгөн Кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуу. Ошондой эле Кызматташуу жөнүндө макулдашууда ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүү укугу каралган;

6) өнөктөш банк - Программанын катышуучуларына ипотекалык кредиттерди каржылоого жана кайра каржылоого жана ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүүгө инвестициялык акча каражаттарын берүү боюнча МИК менен кызматташуу жөнүндө Башкы макулдашууну түзгөн финансы-кредиттик мекеме;

7) иш стажы - уюмдагы ишинин узактыгы же болбосо ишкердикти/экономикалык ишти жүргүзгөн мезгил;

8) төлөө жөндөмдүүлүгү - Программанын катышуучусунун кредиттик келишимди, кийин сатып алуу менен ижара, лизинг келишимин түзүүдөн келип чыккан финансылык милдеттенмелерди өз убагында жана толугу менен аткаруу жөндөмдүүлүгү;

9) айыл жергеси - шаарларды (республикалык, облустук жана райондук маанидеги) кошпогондо, калктуу конуштар;

10) турак жай-аманат кредиттик системасы (мындан ары - ТАКС) - аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-аманат салымдарына (депозиттерине) токтоого жана кийин аларга башкы макулдашуунун жана/же кредиттик келишимдин шарттарына ылайык узак мөөнөттүү максаттуу кредиттерди берүүгө негизделген турак жайды каржылоо системасы;

11) турак жай-аманат кредиттик компаниясы (мындан ары - ТАКК) - иши аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-аманат салымдарына (депозиттерге) топтоого жана анын аманатчыларына жеке курулуш, турак үйлөрдү же батирлерди сатып алуу үчүн же мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган, айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ банктык эмес финансы-кредиттик уюм;

12) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

13) башкы макулдашуу - ТАКК менен Программанын катышуучусунун ортосундагы башкы макулдашуу, ал турак жай-аманат салымынын (депозитинин) жана кийин ипотекалык кредитти берүү келишиминин негизги шарттарын камтыйт;

14) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

15) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

16) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

17) турак жайды каржылоо - МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредит, кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай, ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо, каржылоонун жашыл принциптерин колдонуу менен лизинг жана турак жайга кредит берүү, турак үй курулушун үлүштүк каржылоо механизми сыяктуу турак үйдү сатып алуу же куруу механизмдеринин жыйындысы;

18) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

19) Координациялык кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы 276-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш;

20) ипотекалык кепилдик - кепилдик фонддорунун МИКтин өнөктөш банкынын алдындагы берилген ипотекалык кепилдиктин суммасынын чегинде Программанын катышуучусунун кепилдик фонддордун негизги карызы боюнча милдеттенмелеринин бөлүгүнүн аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)