Загрузка документа…
1-тиркеме | ||
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 255, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 28-январындагы № 42, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365, 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары - Министрлик) автомобиль, темир жол, электр жана суу транспорту, жолдор, анын ичинде аэропорттордун ички аэропорттук жолдору, аэродром элементтери (жасалма учуучу-конуучу тилке, буруучу жолчо жана перрон) (мындан ары - жол-транспорт комплекси) чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүчү, ишке ашыруучу жана башкарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик Министрликтин карамагында турган ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик ишканалардын ишин координациялайт жана контролдойт.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тесмелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
5. Министрлик Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын темир жол жана жол администрациясы катары чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Министрлик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
7. Министрлик төмөнкүлөрдүн укук улантуучусу болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын суу транспорту жана сууда сүзүүчү каражаттар, темир жол транспорту, дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, айыл чарба, токой чарба тракторлору жана алардын чиркегичтери чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларынын.
8. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүмдөрүн камсыздоого чыгымдар республикалык бюджеттин, атайын эсептин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
9. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: