Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 29-июлу № 93

Мамлекеттик кызматчылардын категорияларына кирбеген кызматкерлердин чектүү штаттык санын жана эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)

Статистика органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Ушул токтомдон келип чыгуучу чыгашаларды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

У.А. Марипов

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

 

 

"6-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

1. Интеллектуалдык маалыматтар борбору

1

Директор

16600

2

Директордун орун басары

14800

3

Бөлүм башчы

13600

4

Сектор башчы

10200

5

Юрисконсульт

9500

6

Башкы инженер-программист

14500

7

Инженер-программист

14000

8

Системалык администратор

14000

9

Башкы адис

10000

10

Жетектөөчү адис

9000

11

Адис

8200

12

Китепканачы

6500

13

Мастер

7200

14

Басуучу

6800

15

Чарба башчысы

6800

16

Брошюралоочу

6500

17

Кескич машинанын машинисти

6500

18

Архивариус

6500

2. Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту

19

Директор

16600

20

Бөлүм башчы

13600

21

Эксперт

14000

22

Башкы адис

10500

23

Жетектөөчү адис

9000

24

Адис

8500