Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246, 2022-жылдын 29-июлундагы № 409, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214, 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Кыргызпатент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кыргызпатент өз ишин ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
6. Кыргызпатент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы жана ага бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык казыналык өздүк эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы - ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Кыргызпатент жана анын аймактык бөлүмү, ведомстволук уюмдары Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчигинин жана инновацияларынын бирдиктүү системасын түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 214 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргызпатентти жана анын аймактык бөлүмүн, ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына жана 2019-жылдын 9-сентябрындагы 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколуна ылайык евразия патенттерин күчүндө кармап туруу үчүн атайын казыналык эсептеринде топтолгон каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.