Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 13-августу № 132

"Бузуулардын бирликтүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонууга байланышкан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - "ББР" АМС) мүлкү, аталган системаны күтүүгө жана андан ары ишке киргизүүгө каралган финансы ресурстары менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "ББР" АМСин өзүнүн карамагына кабыл алуу жана аны андан ары эксплуатациялоо жана жүргүзүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:

- 12-пунктунун сегизинчи абзацы жана 13-пунктунун жыйырма бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси (кармоочусу) болуп аныкталсын.";

4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.";