Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2008-жылдын 13-майы № 213

"Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 29 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссиянын жерлерди бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн башкага которуу (трансформациялоо) боюнча ишин тартипке келтирүү максатында:

1. "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 токтому менен бекитилген Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;