КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302, 2023-жылдын 29-мартындагы № 175 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы”;
– расмий тилде: “Государственная служба финансовой разведки при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызматтын расмий кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ФЧМК";
- расмий тилде: "ГСФР".
4. Кызмат Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
5. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери), ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.