Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 10-августу № 119

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды

турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча

наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу

товарлар жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Унга рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. 2021-жылдын 1-майынан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

1). түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан ун тартууга арналган данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1001 коду) импорттоо боюнча.

2). түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бошотулган дандан тартылган ундун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101) салык салынуучу берүүлөрү боюнча.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

У.А.Марипов