Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 12-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 458 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат, Департаменттин максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ал үрөндүк жана сорттук контролдоону, илимий-өндүрүштүк ишти жүргүзүүнү, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоону, айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн сорттук, себүү жана чарбалык сапаттарын ырастоочу документтерди берүүнү ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иш жүргүзгөн юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин расмий аталышы: