Сравнение редакций…
|
| 16-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу Органикалык айыл чарба департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүүнү жогорулатуу жана өркүндөтүлгөн агробиотехнологияларды жана органикалык айыл чарба технологияларын колдонууну көбөйтүү боюнча Министрликтин ведомстволук уюму жана органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент өз ишин Министрликтин башка түзүмдүк бөлүктөрү, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун тийиштүү бөлүктөрү, коомдук жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү бар, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Казыналык системасында өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери бар, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү мамлекеттик жана расмий тилдердеги бланктары жана башка атрибуттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департамент уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет, Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналышат.
Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент органического сельского хозяйства при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Мамлекеттик мекеменин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Органика департаменти";
- расмий тилде: "Департамент органики".
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Новопавловка айылы, Депо көчөсү, № 80.
2-глава. Департаменттин максаты
8. Департаменттин максаты органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн жогорку сапаттагы жана экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо көлөмүн көбөйтүү болуп эсептелет.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Министрликтин органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;
- органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатында тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруу.
4-глава. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциялары:
- органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Министрликтин кароосуна киргизүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды ишке ашыруу;
- илимий мекемелер менен биргеликте органикалык айыл чарба жана агробиотехнологиялар тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасы тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мамлекеттик стратегиялык программалардын жана иш-чаралардын долбоорун иштеп чыгуу жана аны Министрликтин кароосуна киргизүү;
- органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн инновациялык агробиотехнологияларды иштеп чыгуу;
- органикалык жана экологиялык айыл чарба продукциясына улуттук стандарттарды, аларды өндүрүү, сактоо жана ташуу эрежелерин иштеп чыгуу;
- биопрепараттарды жана энтомофагдарды, ошондой эле органикалык жер семирткичтерди иштеп чыгуу жана колдонуу;
- органикалык продукция өндүрүүчүлөрүнүн реестрин жүргүзүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу;
органикалык айыл чарба продукциясын сертификациялоо системасын иштеп чыгуу;
- органикалык продукцияны таңгактоо, маркалоо, импорттоо, экспорттоо жана сатуу эрежелерин иштеп чыгуу;
2) координациялоо жана мониторинг функциялары:
- органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы мамлекеттик органдардын функцияларын тармактар аралык координациялоо;
- чарбалык субъекттердин менчигинин түрүнө карабастан биопрепараттарга жана биологиялык каражаттарга болгон керектөөлөрүнө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле аларды пайдаланууну координациялоо;
3) кызмат көрсөтүү функциялары:
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн табыштамалары боюнча акы төлөөнүн негизинде зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы биологиялык дарылоо;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн стандарттарына шайкештигин аныктоо үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн табыштамалары боюнча лабораториялык талдоо (изилдөө) жүргүзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
4) жөнгө салуу функциялары:
- Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн биопрепараттарын, энтомофагдарын жана биологиялык жер семирткичтерин каттоо жана сыноодон өткөрүү;
- органикалык жерлерди жана органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдү каттоо;
- органикалык айыл чарба продукциясын сертификациялоо;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- органикалык продукциясын айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыногуна чыгарууга айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө көмөк көрсөтүү;
- органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү;
- органикалык айыл чарбасы жана айыл чарба биотехнологиялары тармагында ата мекендик жана чет өлкөлүк алдыңкы жетишкендиктерин изилдөө жана киргизүү;
- Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын жана агробиотехнологияларды андан ары өнүктүрүү үчүн биологиялык каражаттарды жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чет өлкөлөрдүн ушундай уюмдары менен байланыш түзүү жана кызматташуу;
- органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө айыл чарба өндүрүшүнө жеңилдетилген кредит берүүчү мамлекеттик программалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
- инвестицияларды тартуу жолу менен органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, айыл чарбасында коопсуз экологиялык зоналарды түзүүгө, ошондой эле химиялык пестициддерди колдонуунун үлүшүн азайтууга мүмкүндүк берүүчү органикалык айыл чарба технологияларын жана агробиотехнологияларды киргизүү боюнча чараларды көрүү;
- органикалык айыл чарбанын инновациялык технологияларын жана айыл чарба биотехнологиясынын продукциясын колдонууну маалыматтык камсыздоо;
- чарбалык субъекттерди органикалык айыл чарба технологиясын жана агробиотехнологияларын колдонуу боюнча окутуу жана кеңеш берүү, ошондой эле маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
- органикалык айыл чарба технологиялары жана агробиотехнологиялары боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү басып чыгаруу жана чарбалык субъекттерге аларды пайдалануу боюнча зарыл практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү.
5-глава. Департаменттин укуктары
11. Департаментке жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй укуктар берилген:
- органикалык айыл чарбасы жана агробиотехнологиялар тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизүү;
- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, ошондой эле донорлордон гранттарды белгиленген тартипте тартуу;
- органикалык айыл чарбасы жана агробиотехнологиялар боюнча эксперттерди жана адистерди келишимдик шарттарда тартуу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы биологиялык дарылоо, аларды колдонуу технологияларын иштеп чыгуу;
- Департаменттин мүлкүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында ылайык биологиялык өндүрүш үчүн ижарага берүү.
6-глава. Департаменттин мүлкү жана каражаттары
12. Департаменттин мүлкү жана каражаттары болуп оперативдүү башкаруу укугу менен белгиленген тартипте өткөрүп берилген имараттар, курулмалар, өткөрүүчү түзүлүштөр, машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттары, өлчөөчү жана жөнгө салуучу приборлор менен түзүлүштөр, аспаптар, өндүрүштүк жана чарбалык шаймандар, башка негизги каражаттар эсептелет.
13. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
7-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти директор жетектейт.
15. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду болот.
17. Департаменттин директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматы жөнүндө мыйзамдарга ылайык министр кызматка дайындайт жана бошотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын башкарат.
19. Ушул Жобого ылайык Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик тартат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин кызматкерлерин жана аймактык жана ведомствого караштуу уюмдарынын жетекчилерин министр тарабынан бекитилген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- өзүнүн орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана Департаменттин, ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин белгилейт;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык жана ведомствого караштуу уюмдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде түзүмүн, чыгымдардын сметасын жана штаттык ырааттамасын иштеп чыгат жана министрге бекитүүгө берет;
- Департаменттин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуштарды киргизет;
- Департаменттин жетекчилерине, адистерине жана башка кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырат;
- Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго белгиленген тартипте кол коёт;
- белгиленген тартипте келишимдик шарттарда агробиотехнологиялар, органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатында адистерди, эксперттерди, ошондой эле техникалык кызматкерлерди ишке тартат.
8-глава. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу
20. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
21. Департаменттин иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 16-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө ЖОБО