Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-октябры № 226
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү, ошондой эле бюджеттик кредиттерди башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 12-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы токсон бешинчи абзац менен толукталсын:
"- финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды ишке ашырат;";
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын:
"17-1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттин атынан юридикалык жактарды уюмдаштыруучу катары чыгууга жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо акционердин укуктарын ишке ашырууга;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 11-пунктунда:
1-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;