Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун (мындан ары - Фонд) ишинин тартибин аныктайт.
2. Фонддун иши Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Типтүү жобонун негизинде ишке ашырылат.
3. Фонд Облусту өнүктүрүү фонду же Районду өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жактын статусуна ээ жана мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
4. Облусту өнүктүрүү фондунун уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат.
5. Районду өнүктүрүү фондунун уюмдаштыруучусу жергиликтүү мамлекеттик администрация болуп саналат.
6. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.
7. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн Казыналык системасында бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
9. Ушул Типтүү жободо колдонулган түшүнүктөр:
1) өтүнмө берүүчү - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган же ишкердик субъект;