Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 6-ноябры № 242
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223, 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2022-жылдын 20-майындагы № 266, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
1) тиешелүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкү функциялар:
инвестициялар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүү үчүн өзгөчө (атайын) режими бар эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд деп кайра аталсын;
3) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент деп кайра аталсын;
4) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси, мында ал Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбор, мында ал Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Маалыматтык-консультациялык борбор деп кайра аталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функцияларын, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү, реестрге киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууну жүзөгө ашыруу боюнча функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, ошондой эле төмөнкү чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды төмөнкүлөргө өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги болуп;
- өнөр жай чөйрөсүндөгү (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине;
- геология, жер казынасын коргоо жана жер казынасын пайдалануу, өнөр жай коопсуздугу, жер казынасын пайдалануу, геологиялык иштерди жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ошондой эле көмүрдүн жана отундун сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине;
3) Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына өткөрүп берүү менен "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (KADI)" мамлекеттик мекемеси болуп;
4) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы болуп;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору болуп;
7) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына өткөрүп берүү менен "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту" мамлекеттик мекемеси болуп;
8) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы болуп;
9) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы болуп;
10) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору болуп;
11) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору болуп;
12) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси болуп;
13) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы болуп;
14) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Туризм департаменти болуп;
15) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы болуп;
16) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы болуп;
17) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы болуп;
18) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд болуп;
19) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти болуп;
20) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору болуп;
21) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти болуп;
22) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент болуп;
23) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги аны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти болуп;
24) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, ошондой эле төмөнкүлөрдүн сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат болуп:
- өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын (тоо-кен көзөмөлү);
- көмүрдүн жана отундун сапатына милдеттүү талаптардын;
25) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту болуп;
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 6-ноябры № 242
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223, 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2022-жылдын 20-майындагы № 266, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун: