Сравнение редакций…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) Министрликтин Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган инженердик-коргоочу курулмаларды куруу жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
4. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти";
- расмий тилде: "Департамент капитального строительства no предупреждению и ликвидации чрезвычайных ситуаций Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
5. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну ишке ашырат, банк мекемелеринде эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.
Департаментти күтүүгө чыгымдарды каржылоо тийиштүү жылга республикалык бюджетте Министрлик үчүн каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Департаменттин юридикалык дареги: 723510, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Р.Муминова көчөсү, 11.
2. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жарандык коргонуу жаатында калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы курулуш жана оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
3. Департаменттин функциялары
8. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- жарандык коргонуу жаатында табигый кырсыктардын, авариялардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү катастрофалардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланышкан алдын алуу жана коргоо мүнөзүндөгү биринчи кезектеги объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын жүзөгө ашырат;
- ар жылдык капиталдык курулуш пландарын аткарат, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу программасына киргизилген объекттерди долбоорлоонун жана куруунун узактыгынын ченемдерине ылайык объекттерди жана негизги фонддорду эксплуатациялоого киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш иштерине, товарларды жеткирүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзөт;
- коргоочу иш-чараларга жана авариялык-калыбына келтирүү иштерине тиешелүү маселелерди Министрликтин Техникалык кеңешинин кароосуна киргизет;
- тийиштүү эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп берүү үчүн курулуп бүткөн объекттерди мамлекеттик кабыл алуучу комиссияга тапшырат;
- Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте мамлекеттик салымдардын жана Министрлик тарабынан бекитилген башка каржылоо булактарынын эсебинен жарандык коргонуу объекттерин куруу программасын жүзөгө ашырат;
- Министрликке тиешелүү жылга жарандык коргонуу жаатындагы курулуштар жана объекттер боюнча мамлекеттик салымдардын көлөмүн бөлүштүрүү жөнүндө тийиштүү сунуштарды киргизет;
- Министрликтин программасына киргизилген жарандык коргонуу жаатындагы коргоочу курулмалардын жана башка объекттердин курулушуна контроль жана техникалык көзөмөл жүргүзөт;
- жарандык коргонуу жаатындагы курулуштарды жана курулуш объекттерин баштапкы-уруксат, долбоорлоо-сметалык документтер менен өз убагында камсыздоонун уюштурулушун контролдойт;
-жарандык коргонуу жаатындагы өтмө курулуш объекттери жөнүндө маалыматты түзөт;
- объекттерди куруу (оңдоо) жана негизги фонддорду күтүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү, жалпыланган бюджеттик өтүнмөлөрдү иштеп чыгат;
- материалдык-техникалык ресурстар менен камсыздайт, ошондой эле табигый кырсыктардын кесепетинен бузулгандардын ордуна калыбына келтирилүүчү жана курулуучу объекттер үчүн жабдууларды жана механизмдерди сатып апат жана монтаждайт (орнотот);
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана Кыргыз Республикасы менен тиешелүү макулдашуулары бар мамлекеттердин чек ара аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин уюштурат жана жүргүзөт;
- коргоочу инженердик курулмалардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
- авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгат.
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) Министрликтин Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган инженердик-коргоочу курулмаларды куруу жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.