Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Pecпубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546, 2023-жылдын 15-мартындагы № 142, 2024-жылдын 4-мартындагы №91, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 208, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (мындан ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткаруу жана контролдоо функцияларын, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкарууну ишке ашырууга, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыздоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусундагы Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
Фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун укуктук мураскери болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Фонд өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
3. Фонд юридикалык жактын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ, өз алдынча балансы жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Фонддун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду";
- расмий тилде: "Фонд государственных материальных резервов при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
Фонддун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ӨКМ караштуу ММРФ";
- расмий тилде: "ФГМР при МЧС КР".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Фонддун юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 190.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы N 91 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Фонддун максаты жана милдеттери