Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-ноябры № 257

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203, 2022-жылдын 31-майындагы № 293 , 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-2-пункту "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларга" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары жана 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1-8-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:

- ушул токтомго ылайык келтирүү максатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.