Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары,
экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 123, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 213, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782, 2026-жылдын 21-январы № 17, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63, 2026-жылдын 9-мартындагы № 167 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары - Министрлик) айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климат, геология жана жер казынасын пайдалануу, жаратылыш ресурстарын, анын ичинде биоресурстарды, жер казынасын пайдалануу жана коргоо чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну, ишке ашырууну жана координациялоону жүзөгө ашыруучу, экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) өнөр жай коопсуздугунун, тоо-кен иштеринин коопсуздугунун, жер казынасын коргоонун талаптарынын сакталышына, көмүрдүн жана отундун сапатына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында атайын жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерди ачууга укуктуу.
Министрлик Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин укук улантуучусу болуп саналат.
4. Министрликтин өзүнүн түзүмүндө юридикалык жак статусуна ээ ведомстволук бөлүмдөрү, региондук органдары жана мамлекеттик ишканалары, мекемелери, фонддору бар, тиешелүү юридикалык жактардын уюштуруучусу болууга укуктуу.
5. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".
Кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЖРЭТКМ";
- расмий тилде: "МПРЭТН".
6. Юридикалык дареги: индекс 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
7. Министрлик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.