Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539, 2025-жылдын 17-февралындагы № 74, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 , 2026-жылдын 1-июлундагы № 455, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (мындан ары – Финкөзөмөл) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Финкөзөмөл Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Финкөзөмөл Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу ведомстволук бөлүмдүн статусунда иштеген, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
Банктык эмес финансылык рынок деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө баалуу кагаздар рыногун; камсыздандыруу ишин; аудитордук ишти; мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишин; пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын ишин; товардык жана фондулук биржалардын ишин, биржалык сооданы; лоторея жана күрөөкана ишин; оюн-зоок, анын ичинде онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино ишин, лизинг ишин (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардын лизинг ишин кошпогондо) камтыган Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун бөлүгү түшүнүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Финкөзөмөл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Финкөзөмөл өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка юридикалык, жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
6. Финкөзөмөл юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы жана обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык системасында жана коммерциялык банктарда алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Финкөзөмөлдүн уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Финкөзөмөлдүн толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы»;
– расмий тилде: «Служба регулирования и надзора за финансовым рынком при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики»;
8. Финкөзөмөлдүн фирмалык кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Финкөзөмөл»;
– расмий тилде: «Финнадзор».