Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 30-январы № 36

Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:

- 3-пункттун экинчи абзацында "оюн-зоок" деген сөздөр "оюн-зоок, анын ичинде онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 13-пункттун 2-пунктчасынын он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- оюн-зоок бизнесинин, анын ичинде онлайн-казинонун, электрондук (виртуалдык) казинонун бардык субъекттери үчүн оюндун эрежелерине карата минималдуу талаптарды белгилейт, ошондой эле кумар оюндарын жана онлайн кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин макулдашат;".

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.";

2) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жободо:

- 75-пунктта "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 82-пункттун 8, 9-пунктчаларында түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Байланыш кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Финкөзөмөл" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 87, 88-пункттарында "Байланыш кызматына" деген сөздөр "Финкөзөмөлгө" деген сөзгө алмаштырылсын;